Нарын облусунун аймактарындагы ашууларда унаа тыгындары жок. Бул тууралуу Жол чарба департаменинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн алынды.
Маалыматка караганда, жолчулар түнү менен иштеп кооптуу тилкелерде жана ашууларда кезметте болушууда. Алсак, Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Ак-Бейти-Түз-Бел- Торугарт ашууларында кар 20 см жетти. Жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп, №957-Жол тейлөө ишканасы иш алып барууда.
Ал эми Бишкек -Нарын-Торугарт унаа жолунун 284-292 –чакырымдарындагы Долон ашуусунда 2 см кар жаады. Кезмет уюштурулуп №41-Жол тейлөө мекемесинин жолчулары инерттик материал сээп жатышат. Баардык жолдордо каттам бар, унаа тыгындары жок.
Аба ырайынын кескин өзгөрүп, температура төмөндөгөнүнө байланыштуу айдоочулар унаа аралыгындагы 500 метрди сактоолору зарыл.