DOLON MEDIA

Тогуз айда мал менен байланышкан 32  жол кырсыгы катталды

Ушул жылдын тогуз айында мал менен байланышкан 32 жол кырсыгы катталган. Акыркы бир айдын ичинде эле төрт жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен үч адамдын өмүрү кыйылган. Мал менен байланышкан жол кырсыктардын баары кечкисин болууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин айтымында, акыркы бир жума ичинде эле облус аймагында эки жол кырсыгы катталып, үч адамдын өмүрү кыйылган.

Бүгүн, 11-октябрда Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо  кызматкерлери менен Миң-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери  жылкыларга тасмаларды тагышты. Бул түнкүсүн  айдоочуга жарыкты чагылтып көргөзүп жол кырсыктарын алдын алууга көмөкчү болот.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.