Ж.Коңурбаева атындагы Нарын шаардык китепканасы, 27-март -Эл аралык театр күнүнө карата “Театр -элдин руханий байлыгы” деп аталган ачык эшиктер күнүн өткөрүштү.
М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык дарама театырынын өнөрпоздору чакырылган иш-чара “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү,”Улуттук нарк”,”Улуттук дем-уңгу жол” Жарлыктарынын алкагында уюштурулуп, ыр-күүлөр менен коштолду.
Маданий иш-чара көңүлдү эргиткен ыр-күүлөрү, сахнадагы актёрдук чеберчилиги менен жалпы коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган 88 жылдык тарыхы бар театрдын ишмердүүлүгүн даңазалоо жана өсүп келе жаткан жаш муундарды кесипке багыттоо максатында уюштурулган.
Анда театр ишмерлерине арналган”Театр-коомдун күзгүсү” китеп көргөзмөсу боюнча маалыматтар берилди. Ага театрдын тарыхы, басып өткөн жолу кыргыз искусствосунун корифейлери, алар жараткан ролдору тууралуу маалыматтар камтылган китептер, сүрөттөр жана мезгилдүү басма сөзгө жарыяланган маалыматтар коюлган. Иш-чаранын жүрүшүндө ыр-күүлөр жаңырып, чакан концерттик программа тартууланды.