DOLON MEDIA

Таштандылар таңгакталып, кайра иштетүүгө жөнөтүлө баштады

Нарын шаарында таштандыларды таңгактоочу эки жабдуу алынып, анын бири орнотулуп иштеп жатат. Бул жайда таштандылар  иргелип желим баштык, бөтөлкөлөр, кагаздар таңгакталган соң, Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү ишканага жөнөтүлүүдө.

Нарында экологиялык таза ишкердикти өнүктүрүү максатындагы “Жашыл бизнес мектеби” долбоору Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында ишке ашууда. Анда экологиялык жактан туруктуу бизнести өнүктүрүүнү көздөгөн Шахаб Байматов жана Айбек Асаналиевдин долбоорлору жактырылып, аларга катуу калдыктарды ныктоочу жабдык алынып берилген.

Ишкер Айбек Асаналиев жабдыкты “Шаарча” чөлкөмүнө орнотконуп, учурда иштеп жатат. Анын айтуусунда, иш жакында эле башталып, 1-2 тоннадай таштанды таңгактап борбор калаага жөнөткөн.  Желим баштыктын килосу 25, бөтөлкөлөр 15, калайлар 45-50 сомго чейин алынат.

Ал эми экинчи таңгактагыч жабдык шаардын чыгыш тарабына орнотулмакчы, учурда даярдоо иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.