DOLON MEDIA

Кыргызстанда

ДСУ: Кыргызстанда психикалык саламаттыгы жабыркагандар калктын 11% түзөт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) эсебинде Кыргызстанда калктын 11% психикалык жактан жабыркайт. Аны менен катар ДСУ өлкөдө өспүрүмдөрдүн дээрлик үчтөн бири шылдыңдоого кабыларын, бул алардын физикалык жана психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизип, билимге болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө, стресске алып келерин билдирди. 2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын болжол менен 15% психикалык оорудан жабыркай турганы такталган. Дүйнөлүк саламаттык …

ДСУ: Кыргызстанда психикалык саламаттыгы жабыркагандар калктын 11% түзөт Толугу менен »

БУУ өкүлү журналисттер боюнча ишти калыс карап чыгууга үндөдү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгы Кыргызстанда эки журналист абакка кесилип, дагы бир нечеси шарттуу соттолгонуна тынчсызданууда. Бул тууралуу бүгүн 10-октябрда башкармалыктын өкүлү Сейф Маганго билдирди «Биз бийликти алардын иши адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттардын негизинде толук каралып чыгышын камсыздоого чакырабыз. Биз бийликти Кылмыш-жаза кодексиндеги журналисттерди жана башкаларды алардын негизги укуктарын, анын …

БУУ өкүлү журналисттер боюнча ишти калыс карап чыгууга үндөдү Толугу менен »

Кыргызстанда мугалимдердин 86% аялдар түзөт

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда мектептерде сабак берген мугалимдердин жалпы санынын 86% аялдар түзөт. Алардын 5% директор жана директордун орун басары болуп иштейт. Ушул тапта өлкөдө 5 миңге жакын бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар жана анда 118 миңге жакын педагог эмгектенет. Орто мектептерде 90 миңден …

Кыргызстанда мугалимдердин 86% аялдар түзөт Толугу менен »

Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Бишкекке келди

Дэвид Кэмерон визит учурунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Кэмерон “Азаттыкка” курган эксклюзивдүү маегинде “Кыргызстандын өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керектигин” белгиледи. Кыргызстандын гидроресурстарга бай экенине басым жасаган министр климаттын өзгөрүшү шартында экологиялык долбоорлорду колдоого зарыл экенин билдирди. Бул багытта Лондон орто жана чакан бизнести …

Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Бишкекке келди Толугу менен »

Кыргызстанда бөйрөк саткандар кармалды

Адам органдарын өлкөнүн чегинен тышкары сатуу боюнча туруктуу мыйзамсыз канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун аракеттери аныкталды, деп билдирди УКМК. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында адам органдарын сатуу каналын уюштурган К.А.К. аттуу жаран аныкталган. Аталган жаран чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акчаны (80 мин долларга чейин) төлөөг даяр бейтаптарды издөөнү жөнгө салган. Андан ары …

Кыргызстанда бөйрөк саткандар кармалды Толугу менен »

Айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай калды

Кыргызстанда айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай же үзгүлтүккө учурап жатат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда. Кээ бир интернет провайдерлерде TikTok иштеп жатат. Андан тышкары VPN менен да ачылууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 17-апрелде өлкөнүн интернет-провайдерлерине TikTok’ту бөгөттөө боюнча кат жөнөткөн. Аталган мекемеге бул платформаны жабуу боюнча …

Айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай калды Толугу менен »