DOLON MEDIA

Иранда белгилүү рэпер өлүм жазасына кесилди

Иран бийлиги белгилүү рэпер Томаж Салехини өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу шаршембиде Reuters агенттиги билдирди. Салехи 2022-2023-жылдары жапырт нааразылык акцияларына катышканы үчүн жазаланууда. Артист ырларында жана эл алдында сүйлөгөн сөздөрүндө митингчилерди колдогон. Салехи 2022-жылы октябрда камакка алынган. 2023-жылы Ирандын Жогорку соту аны алты жыл үч айга эркинен ажыраткан. Бирок Исфахан шаардык соту Жогорку соттун чечимин кайра карап, рэперди өлүм жазасына кести. Салехинин жактоочусу Амир Раисиан шаардык соттун аракети акылга сыйбай турганын, өкүмгө каршы даттанарын билдирди. 2022-жылы 13-сентябрда Тегеранда хиджабсыз жүргөнү үчүн сабалган 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгондон кийин Иранда жапырт нааразылык акциялары башталган. Нааразылыкты басуу учурунда жүздөгөн кишилер кармалып, кеминде 200дөй адам дарга асылган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.