DOLON MEDIA

Статком жарым жылда ички дүң өнүм 560 млрд сомго жеткенин билдирди

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) ушул жылдын январь-июнь айларында алдын ала баалоо боюнча 560 млрд сомго жакындап, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1% көбөйдү. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 237 млрд сомду түздү. Курулушта оң тенденциялар байкалып, мында көлөмдүн өсүшү 48,5% болду. Дүң жана чекене соода 21%, айыл чарбасы 3,3% түздү.

Январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 2,4% болду. Алкоголдук ичимдиктер жана тамекинин баасы 6,1%, азык-түлүк эмес товарлардыкы 1,8%, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктардыкы 1,5%, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 3,6% жогорулады.

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода көлөмү 2024-жылы январь-май айларында 6,5 млрд долларды түздү. Мында экспорт 4,8%, ал эми импорт 21,7% көбөйдү. Кыргызтандын 2024-жылдагы бюджетинин кирешеси 378 млрд 437 млн сом, чыгашасы 367 млрд 500 млн сом деп бекитилген. Республикалык бюджеттин профицити 10 млрд 900 млн сом болот деп болжолдонууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.