DOLON MEDIA

Стамбулда жасалма аракка ууланып 19 киши каза болду

Стамбулда жасалма аракка ууланып 19 киши каза болду.

Маалыматка караганда, каза тапкандардын арасында чет мамлекеттердин жарандары да бар.

Укук коргоо кызматкерлери тарабынан контрабандалык алкоголь продукциясын саткан дүкөн аныкталган. Учурда соода жайы жабылып, мөөр басылган.

Белгилей кетсек, Түркиядагы туристтердин ичинен жапырт уулануу учурлары 14-январда маалымдалган. Уулануу белгилери бар 38 адамдын 26сы чет өлкөлүктөр экендиги айтылган.

Түркиялык ЖМКлар билдиргендей, жыл башынан бери шаардык ооруканаларга жасалма аракка ууланган 46 адам келип түшкөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.