Элдик курултайга Нарын шаарынан барган делегаттар жайыт жер сурашат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын аппарат башчысы Нурлан Кайыпов билдирди.
Анын айтуусунда, Нарын шаарында 23 миң кой-эчки, 3 миңдей уй, жылкы бар. Шаардыктардын малын бактыруу үчүн беш аймактан беш чабан уюштуруу колго алынат. Бул үчүн Элдик курултайга барган делегаттар Ат-Башы районунун Ак-Сай жана Арпа өрөөнүнөн 20 миң гектар жайыт чечип берүү маселесин көтөрүшөт.
Ошондой эле Нарын облусуна мамлекет тарабынан бериле турган 1 миллиард сомдун көлөмүн 1,5 миллиард сомго жеткирип берүүнү жана бул каражатты Нарын шаарынын климаттык шартын эске алуу менен эрте жазда которуп берүүнү өлкө башчыдан суранышат.
Маалымат үчүн кошумчаласак, үчүнчү Элдик курултайга Нарын шаарынан Асыл Жаманова, Саадан Нурманбетов жана Азамат Сарыбаев делегет болуп барышты.