DOLON MEDIA

Селден 45 үй жабыркады, зыяндары эсептелүүдө

Ушул жылдын 22-июнь күнү Нарын шаарында кыска убакытта нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен тоо  коктуларынан түшкөн сел суулары  Ак-Коргон, Интернат аймактарында турак жайларды, көчөлөрдү каптаган.  Кыян суу 45 турак жайдын короолорун каптап,  дубалдарын кулаткан. Мунун ичинен эки үйгө кыян суу кирген. Суу каптаган үйлөрдүн 14ү камсыздандырылган.

Сел жүргөн аймакка Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 30 куткаруучусу тартылып, турак-жайлардын ичиндеги суулар мотопомпанын жардамы менен сыртка сордурулуп чыгарылган.

Учурда жарандык коргонуу кызматтары  кыян суу каптаган үйлөрдү тактоо иштерин улантып, суу каптаган турак жай ээлеринин социалдык абалдарын кароо менен келтирилген материалдык чыгымдар эсептешүүдө. Ошондой эле  суу өтүүчү каналдарга, арыктарга жолтоо болгон жана мыйзамсыз курулуштар боюнча тийиштүү иштер алып барылууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.