DOLON MEDIA

Президент Жапаров Москвада КМШга мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров  (КМШ) мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн 7-октябрда Москвага жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматы кабарлады. Кыргыз делегациясынын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору А. Касымалиев, тышкы иштер министри Ж. Кулубаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы М. Азымбакиев, Кыргызстандын Россиядагы элчиси К. Бөкөнтаев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Т. Иманов, КМШ Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү У. Кармышаков бар. Эске сала кетчү жагдай 8-октябрда Россияда КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөөрү маалымдалган. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакасын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган чечимдер кабыл алынат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.