DOLON MEDIA

Президент ишкерлерди негизсиз текшере берүүнү токтотуу талабын койду

Президент Садыр Жапаров ишкер корккон абалда, басым-кысым алдында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт деп эсептейт. Бул тууралуу ал 27-февралда Ынтымак ордодо өтүп жаткан кеңешмеде билдирди.

Ошону менен катар укук коргоо органдарына кайрылып, ак ниети менен иштеген жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон бизнес ар тараптуу корголушу керектигин эскертти.

“Бизнесмен коркуу чөйрөсүндө басым-кысым шартында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт. Мындан, албетте, мамлекетке, элге, эң ириде бардык жоопкерчиликти моюнга алган бизге залакасы тиет. Ошондуктан жергиликтүү укук коргоо органдары айыл өкмөттөрдү, мэрлерди, акимдерди, бизнесмендерди негизгиз текшергенди токтоткула. Алардын ишине тоскоолдук кылып, отчет алып, текшерип же негизи жок эле кабинетиңерге чакырганды койгула”, – деди Жапаров.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик башчыларына кайрылып, коррупциядан алыс болууга, чынчыл иштөөгө чакырды. Президент бизнес үчүн зарыл шарттарды түзүү уланарын, туруктуу жана түшүнүктүү эрежелер кирерин кошумчалады.

 

Жапаров өз сөзүндө ал бийликке келген учурда өлкө кризистик абалда турганын кайталап, бул кырдаалды өзгөрткөнүн билдирди. Негизги жетишкендиктер катары акыркы төрт жылда өлкөнүн экономикасы орточо эсеп менен 10 пайыздан ашканын белгилеп, бюджеттин көлөмү көбөйгөнүн санады.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.