DOLON MEDIA

Президент ишкер аялдарды колдоого багытталган мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты жана милдети аялдар ишкердигине болгон мамлекеттик колдоону күчөтүү, анын ичинде финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана өлкөдө аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Мыйзам ишкердикти жеке ишкер катары жүзөгө ашырган, акцияларынын жана штаттык кызматкерлеринин 51 пайыздан кем эмесин аялдар түзгөн ишканаларга таандык.

Мыйзам 2024-жылдын 4-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.