Бүгүн, 5-ноябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында №16 Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 12 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨК бөлүмүнөн 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 20 адам, жалпы 37 адам издөөгө чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан алынды.
Эске салсак, Нарын шаарында ушул жылдын 2-ноябрь күнү, Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 17 жаштагы өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.