DOLON MEDIA

Ормон Хандын 230 жылдыгында ат чабыш болот

Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Нарын облусунун Кочкор районунда Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык ммарекеси өтөт. Мааракеде маданият кызматкерлеринин концерти, спорттук оюндар менен ат чабыш болот. Уюштуруучулардын айтымында ат чабыш оюндары 2-октябрда, саат 10 до Кочкор районунун Орто Токой аймагында өтөт.Алгач кунан чабыш, аламан ат чабыш, жорго салдыруу болот. Бул оюндарга катышуу үчүн атайын каттоодон өтүү керек. Катышуучуларды эсепке алуу 1-октябрдан эртен мененки саат ондон кечки саат онго чейин болот. Катышуудан өтпөгөн аттар ат чабышка кире албай калат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.