Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарына барды.
Президент Садыр Жапаровду Эр-Рияд провинциясынын губернаторунун орун басары – Улуу даражалуу ханзаада Мухаммад бин Абдурахман бин Абдулазиз Аль Сауд жана башка расмий адамдар тосуп алды.
Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда.