DOLON MEDIA

Өкмөт бала бакчадагы тамак-ашка акча бөлбөй турганы айтылды

Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарды. Ага ылайык, бала бакчаларда балдардын тамагын толугу менен ата-энелер же баланын мыйзамдуу өкүлү төлөйт. Бул тууралуу 19-июнда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, былтыр балдар бакчаларындагы наристелердин тамагы үчүн мамлекеттик бюджеттен 800 млн сом бөлүнгөн. Эми мамлекет балдардын тамагына акча төлөбөйт. “Билим берүү жөнүндө” былтыр августта кабыл алынган мыйзамдын 28-беренесинин 6-бөлүгүндө “Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардагы тамактануу мамлекет тарабынан каржыланбайт, ата-энелер тарабынан каржыланат” деп жазылып турат. Бирок ага Жогорку Кеңештин депутаттары каршы болуп, “балдардын тамагын жергиликтүү бийлик менен ата-энелер тең бөлүп төлөйт” деп өзгөртүү киргизген. Президент буга каршы болуп, мыйзам долбоорун артка кайтарды. Эми акча бөлүнбөйт”, -деди Аманбаев. Министрдин орун басары балдардын тамагынан үнөмдөлгөн акча бала бакча курууга жумшаларын белгиледи.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.