DOLON MEDIA

НМУда заманбап технология менен жабдылган IT-хаб  ачылды

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде IT-хабдын ачылышы тоолуу аймактагы билим берүүнү өнүктүрүү жана инновацияларды илгерилетүү багытындагы маанилүү кадам.

Бүгүн, 23-декабрда Борбордук Азия Университетинин колдоосунда тоолуу университеттердин өнөктөштүгү программасынын  алкагында НМУнун Чет тилдери жана  компьютердик системаларды программалоо колледжинде IT-хаб ачылды.

НМУнун  окуу иштери боюнча проректору Нарынкүл Чоробаеванын айтымында, аталган колледжде 180 студент билим алат.  Эми алар практикалык иштердин бардыгын  ушул борбордон өткөрүп, сайттарды, оюндарды иштеп чыгууну, программалоонун бардык түрүн үйрөнө алышат.

IT-хаб заманбап технологиялар менен жабдылып, студенттердин санариптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана инновацияларды колдоого багытталган. Хабда адистештирилген окуу программалары сунушталып, санариптик сабаттуулукка колдоо көрсөтүлөт, ошону менен катар студенттерге технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү берилет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.