DOLON MEDIA

Нарындын спортчулары лыжалуу болушту

Нарын шаарындагы балдар-уландар спорт мектеби жана Ат-Башы, Нарын райондук спорт мектептери 80 түгөйлүү тоо лыжаларына ээ болушту. Алардын баасы 1млн сомдун тегерегинде экени айтылууда. Спорттун бул түрүнүн шаймандары менен камсыз кылууда КР Дене тарбия жана спорттук департаментинин жетекчилигинин, Кыргыз Лыжа Федерациясынын жана швейцариялык демөөчү Самуель Маренин биргелешкен иштеринин натыйжасы болду. Мындай билдирүүнү Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектеби таратты.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.