DOLON MEDIA

Нарындык окуучу Дүйнөлүк олимпиададан жениш менен кайтты

Нарын облустук Муратбек Субагожоев атындагы мектеп лицейинин 10-классыынын окуучусу Алихан Айдарбеков Венгриянын Зегед шаарында информатика боюнча болуп өткөн олимпиададан коло медаль менен кайтты. Дүйнөлүк олимпиадага 90 мамлекеттен 355 бала катышкан. Келечекте программист болууну каалаган А. Айдарбеков буга чейин Ак-Талаа районундагы Б. Каландеров атындагы мектепте окучу. Кыргыз тилинен башка англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Алиханды облус жетекчиси А. Эргешов кабыл алып, Ыраазычыл кат жана планшет менен сыйлады.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.