Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүп жатат.
Ага өлкө аймактарынан келген 700 делегаттын ичинен 43 делегат Нарын облусунан дайындалып баргандар. Райондор боюнча алсак, Кочкор районунан 10, Жумгал районунан 7, Ат-Башы районунан 9 , Нарын районунан 8, Ак-Талаа өрөөнүнөн 6 жана Нарын шаарынан 3 делегат катышууда.
Алар буга чейин жер-жериндеги көйгөйлөрдү талкуулашып, биринчи кезекте чечүүгө зарыл делген негизги маселелерди көтөрүп, бийликке жеткиришет.