DOLON MEDIA

Нарында үч маданий жай мамлекетке өткөрүлдү

“Дордой” ассоциациясынын президенти  Аскар Салымбеков менчигиндеги 3 маданий жайды Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берди.

Алсак, Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында жайгашкан “Кошой-Коргон” археологиялык жана этнографиялык музейи менен район борборундагы “Дордой” спорт комплекси жана Нарын шаарындагы “AS”  көркөм сүрөт галереясы министр Атунбек Максутовдун катышуусунда өткөрүлүп берилди.

Маалымат катары айтсак, “Кошой-Коргон” археологиялык жана этнографиялык музейи 2007-жылы А. Салымбековдун демилгеси менен ачылып, бүгүнкү күндө Ат-Башы өрөөнүнөн табылган 300гө жакын экспонат бар.

Нарын шаарындагы “АS” көркөм сүрөт галереясын ачууда жалпы 80млн сом каржыланган. Учурда галереяда 600дөн ашуун экспонат бар. Алардын арасында жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн  жана АКШ, Франция Улуу Британия ж.б өлкөлөрдүн сүрөт чеберлеринин эмгектери коюлган.

Ал эми Ат-Башы айылындагы спорт комплекс 2009-жылдан бери өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгууларын шыктантып, ийгилик алып келчү жайлардан. Учурда 100дөн ашык окуучу спорттун 5 түрү менен машыгат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.