Үстүбүздөгү жылдын 13-апрелде Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде сайма жана белдемчи көргөзмө иш-чарасы өтөт. Иш-чара шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулат.
Уюштуруучулардын жетекчиси Динара Жунусованын айтымында, көргөзмөнүн максаты сайма өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу болуп саналат. Анын алкагында сүрөт көргөзмө, белдемчинин саймасы, өзгөчөлүктөрү тууралуу доклад окулат. Ошондой эле, белдемчилердин көргөзмөсүнүн жеңүүчүлөр 15- апрелде Бишкекте өтүүчү республикалык сынакка катышат.