DOLON MEDIA

Нарында кургак учук менен ооругандар табылууда

Быйыл тогуз айдын жыйынтыгында облуста кургак учук менен ооруган 124 учур жаны катталды. Тилекке каршы алардын 16 балдар. Мындай маалыматты Нарын облусттук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун координатору Аида Көкөтаева билдирди. Буга чейин облустк 381 адам аталган дарт менен катталып, дарыланып жатышат. Өкүнүчтүүсү 10 адам оорунун айынан жарык дүйнө менен кош айтышкан. Учурда Нарын шаары менен Кочкор районунда ооруну 15минутадан -2 саат аралыктарында аныктап берүүчү заманбап жабдуулар иштеп жатат. “Ошондуктан адамдарды кайдыгер болбоого чакырабыз жана бейтаптар акысыз дарыланыша тургандыгын  билдиребиз”- деп кошумчалады. А. Көкөтаева.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.