DOLON MEDIA

Нарында коррупцияга байланышкан кылмыштардан 33 миллион сом өндүрүлгөн

2024-жылы КР коррупцияга каршы аракеттенүү  мыйзамынын алкагында  Нарын облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн  текшерүүнүн  жыйынтыгы  менен  33 миллион сомдун тегерегинде акча каражаттар өндүрүлгөн. Ал эми Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын алкагында  5 миллион сомдон ашык, мамлекеттик  жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзам алкагында  25 миллион сом акча каражаты өндүрүлүп мамлекетке кайтарылган.

Жалпысынан 489 кызмат адамдары  тартиптик жоопкерчиликке тартылса, анын ичинен  400ү административдик айып тартышкан. Ошондой эле мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жалпы сметалык баасы 2 млрд. 756,8 млн сомдук 14 кыймылсыз мүлк объектилери мамлекеттин балансына кайтарылып, каттоого алынган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.