УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери бир жыл ичинде миллиард сомго бааланган мүлктөрдү мамлекетке кайтарышты. Бул тууралуу дубан башчы Алтынбек Эргешов билдирди.
“Ак-Талаадагы, Кочкордогу чоң автобаза, Нарын шаарындагы миллиард сомго бааланган туристтик комплекс, “Ала-Тоо” мейманканасынын алдындагы жер тилкеси, эт комбинаты анын жанындагы жер тилкеси сыяктуу бир топ мамлекеттин мүтктөрү мамлекетке кайтарылды ”,-деди өкүл.
Ал эми УКМКнын ардагери Абдырахманов ушул жылдын тогуз айында Нарын облусунда 12ден ашык обьект, 65 миллион сом накталай акча мамлекетке кайтарылганын кошумчалады.