DOLON MEDIA

Нарында кайын атасын өлтүрдү деп айыпталган мугалим камакта калтырылды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 22-августа кылмыш иши катталган. Айыпталуучу С.Ж.Т. 1975- жылы туулган, бир мектепте кыргыз тилчи мугалим эже. Ал Кылмыш жаза кодексинин 122- беренесинин 2- бөлүгүнүн 15- пункуту менен айыпталып кармалган. Буга чейин белгилүү болгондой үстүбүздөгү жылдын август айында кайын атасы менен урушуп кетип кайын атасын пескоблок менен башка чапкан, ал эсин жоготкондо өзүнүн бир тууганы 23 жаштагы Б.Н жана күйөөсү А.Н менен бирдикте карыяны жипке асып коюшуп, кайтыш болгон карыяны өзү муунуп өлдү деп билдиришкен. Милициянын ыкчам аракети менен айыпталуулар кармалып, тергөө аяктагычакты Нарын шаарындагы СИЗО-4 мекемесине камалышкан. Бирок айыпталуучунун адвокаты С.Ж.Т. ны мурда соттолбогонун, туруктуу жашаган жери бар, балдары жаш деген жүйө келтирип, тергөө аяктагыча эч жака кетпөө боюнча тил кат менен үйүнө бошотуу үчүн Нарын райондук сотунун 27-августтагы чечимин жокко чыгаруу боюнча кайрылган. Сотто прокуратура аталаган кылмыш , кылмыштардын оор түрүнө кирээрин билдирип каршы болгон. Натыйжада 16-сентябрда  Нарын облустук соту айыпталуучунун даттануусун канаттандырган жок.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.