Бүгүн, 13-майда Нарын шаарында биринчи жолу СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы “Балет менен жолугушуу” деп аталган концерт беришти. Ошондой эле окуу жайга 2025-2026-окуу жылына балдарды кабыл алуусун Нарын шаарында өткөрдү.
Ага аталган окуу жайда билим алган 60тан ашык окуучулар жана студенттер катышып, дүйнөлүк жана кыргыз классиктеринин музыкаларына бий өнөрлөрүн тартуулашты.
Окуу жайдын директорунун орун басары Залкар Кыдыковдун айтуусунда, концерт кесипке багыт берүү жана Нарындыктарга балет искусствосун таанытуу максатында уюштурулган.
“Негизинен аймактарда балет искусствосу көп калыптанган эмес. Андыктан ар бир бала балет искусствосу менен таанышсын деген үмүттө биринчи жолу Нарынга келдик. Максатыбыз-бий өнөрүнө кызыккан жаштарга кесипке багыт берүү, балет искусствосун тааныштыруу жана 2025-2026-окуу жылына балдарды кабыл алуу. Ошондой эле 60тан ашык окуучулар менен студенттерден турган топ концерт коюп жатабыз.
Мындан тышкары бий ийриминин мугалимдерине, хореографтарга акысыз чебер- класстарды өткөрдүк.
Биздин окуу жай баланын санына эмес сапатына көңүл бурабыз. Анкени Кыргызстандагы балет артисттерин даярдаган жалгыз окуу жай болгондуктан окуу жайдын атын сактап, келечекте мыкты балет артисттерин чыгарышыбыз керек. Нарын облусунан Ч.Базарбаев, Б.Бейшеналиева, Р.Чокоева, А.Токомбаеванын жолун жолдогон жаштар чыгат деген үмүтүбүз бар”,-деди ал.
Бүгүнкү күндө окуу жайда 400 бала билим алууда. Эки жыл мурун башталгыч класстар ачылып, балдар-кыздар кабыл алынууда. Акыркы эки жылда башталгыч класс ачылган. Аларга Москва мамлекеттик хореографиялык академиясынан жана Санкт-Петербурга шаарындагы А. Ваганов атындагы балет академиясынан бүтүп келген мугалимдер сабак беришет.