DOLON MEDIA

Нарында бийик тоолуу медициналык симпозиум өтүүдө

Нарын шаарында 21-23-сентябрь күндөрү бийик тоолуу аймактарды жана медицинаны өнүктүрүүнүн жана алдыңкы технологияларды жайылтуу боюнча 3-эл аралык симпозиум өтүүдө. Аталган симпозиумдун алкагында “Миррахимов окуулары” атуу көчмө конференция да болууда. Бул күндөрү бийик тоолуу шартта жашаган калктын ден соолугуна, айрыкча жүрөк-кан тамыр оорууларын алдын алуу, дарылоону жакшыртуу, жаңы ыкмаларды колдонуу боюнча талкуу болууда. Аталган симпозиумга Франци, Дания, Түркия, Россия, Испания, Германия, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринен келген адистер заманбап технологиялар, дары -дармектер боюнча кеп кеңештер менен бөлүшүүдө. Өз кезегинде жергиликтүү дарыгерлер үчүн тоолуктарды дарылоодо жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.