2024-2025-окуу жылында Нарын облусу боюнча 11-классты 4 миң 128 окуучу аяктаса, 9-классты 5 мин 696 окуучу бүтүрдү.
Бүгүн, 26-майда дубандагы 140 жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу жылынын жыйынтыкталышына карата «Акыркы конгуроо» салтанаттары өткөрүлдү.
Салтанаттуу иш-чаралар бардык мектептерде коопсуздук эрежелерин сактоо менен уюштурулду. Окуучулардын жана катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан көзөмөл жүргүзүлүүдө.