DOLON MEDIA

Нарын шаарынан 13 чакырым жол асфальтталат

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун колдоосу менен президенттик фонддон Нарын шаарынын 13 чакырым ички көчөлөрү асфальтталат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы жарыялап, ички көчөлөрдү оңдоо долбоорун улантуу үчүн 93 млн 600 миң сом акча каражаты  бөлүнгөнүн кабарлады.

Маалым болгондой, бүгүн, 24-февралда калаа башчы  Канболот Тутуев асфальтто 39 ички көчөнү оңдоого пландоо, тактоо, уюштуруу иштерин алып баруу боюнча тийиштүү  мекеме жетекчилерине тапшырма берип, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Аны менен катар эле калаанын жол тармагын өнүктүрүү, оңдоо үчүн колдоо көрсөткөндүгү үчүн  мамлекет башчыга  ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн белгилесек, өткөн жылы президенттик фонд бөлгөн 133 млн 408 мин сомго  калаадан 11  чакырым 89 метр, же 33 ички көчөгө асфальт басылган.

Ошондой эле быйыл республикалык бюджеттин эсебинен  В.Ленин атындагы  9.5 чакырым борбордук жол,  2 чакырым 320 метрди түзгөн Ж.Шералиев атындагы жол толук бүтөт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.