Нарын шаарын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо катары каралган каражаттын эсебинен заманбап коомдук мончо куруу пландалууда.
Бул үчүн калаанын “Көтөрмө” аймагынан 800 чарчы метр жер аянты чечилген. Муниципалдык мончо 200 орунга ылайыкталып, бассейин, чач тарач, ашканасы сыяктуу бардык шарттары менен курулат.
200 орунга ылайыкталган муниципалдык мончону “Нарын курулуш” мамлекеттик ишканасы ишке ашырат. Каражат мамлекет тарабынан Нарын шаарына колдоо катары келе турган 1 миллиард сомдун эсебинен каралып, жалпы наркы 200 миллион сом деп болжолдонууда.
Учурда Нарын шаарында муниципалдык коомдук мончого муктаждык чоң экендигин белгилеген калаа башчы Канболот Тутуев мончону кура турган курулуш ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушуп имараттын долбоорун даярдоону тездетүүнү талкуулашты.