DOLON MEDIA

Нарын шаардык Кеңешине кайра төрага шайланды

Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы кайра шайланды.

Буга чейин төрагалыкка шайланган төрагасы Чынтемир Муканбетжусупов өз шарттары менен жумуш ордун өткөргөндүгүнө байланыштуу,  кайрадан Нарын шаардык Кеңешинин  сессия уюштурулуп, жаңы төрага шайланды.

Ага эки коалициядан  2 талапкер өздөрүн көрсөтүп, 17 добуш менен Жылдызбек Эсеналиев төрага болуп шайланды. Ал эки орун басарлары ошол боюнча калтырылды.

Маалымат үчүн белгилесек, буга чейин 29-ноябрь күнү өткөн  экинчи сессияда “Нарын деми” көпчүлүк коалициясынан төрагалыкка Чынтемир Муканбетжусупов, “Биримдик” коалициясынан Алмаз Сурановдун талапкерлиги көрсөтүлүп, добуш берүүнүн жыйынтыгында  Чынтемир Муканбетжусупов депутаттарын 16 добушуна ээ болуп, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы болуп дайындалган болчу.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.