DOLON MEDIA

Нарын районундагы мектеп билим сапаты боюнча облуста алдыга чыкты

Нарын мамлекеттик админстрациясынын акиминин социалдык иштери боюнча орун басары Эльвира Жанболотованын маалыматы боюнча быйылкы окуу жылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында да аталган райондун мыктылары бар. Район боюнча 6 окуучу республикалык тестирлөөдөн 200 балдан жогору алышты. Окуучуларга жер жерлерден айыл өкмөттөр тарабынан да колдоо көрсөтүлдү деген акимдин орун басары мыкты бүтүрүүчүлөргө дегеле билим тармагына аким тарабынан көптөгөн колдоолор болоорун белгиледи. Э. Жанболотованын айтыманда жакында алдыңкылар үчүн акимдин ыраазычылыгы айтылат. Эске салсак Нарын районунун билим көрсөткүчү 76% пайыздын тегереги болуп,башка райондордон алдыга чыкты.  Ал эми Нарын районунун Жан-Булак айылындагы Абылкасым Жутакевв атындагы мектеп билим сапаты боюнча облуста алдыга чыгып 70% пайыз көрсөткүчтү түздү.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.