DOLON MEDIA

Нарын облусунда “Кыргыз Шырдагы XV” фестивалы өтөт

28-29-июнь күндөрү салтка айланган Кыргыз Шырдагы фестивалы  Нарын районундагы “As F Nomad”  эс алуу жайында манасчылардын жана кол өнөрчүлөрдүн жүрүшү менен башталат. Уздар мастер класстарды өткөрүшөт, “Сармерден” оюну сыяктуу маданий иш чаралар болот. Каалоочуларга туристтик маршруттар сунуш кылынат. Ага удаалаш эле Нарын шаарындагы “Алма Бак” паркында кол өнөрчүлөрдүн эмгектери соода-сатыкка коюлат. Кечкисин от, жагылып чоң программадагы концерт менен фейерверк болот. Андан сырткары экинчи күнүндө илимий конференция өткөрүлөт. Аталган фестиваль республикада туруктуу өткөрүлүп келе жаткан фестивалдардын бири. Максаты улуттук кол өнөрчүлүктү сактоо, улантуу. Фестиваль учурунда атайын сынактар болуп, жеңүүчү шырдактар Какен Мамбеталиева атындагы облустук музейде сакталат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.