DOLON MEDIA

Нарын: Айыл өкмөттө ДМЧ жарандар үчүн 417 миң сом бөлдү

Нарын районунда 3-декабрь- Эл аралык  майыптар күнүнө карата ДМЧ жарандарды колдоо максатында айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджеттинен жалпы 417 миң 500 сом каралып,  майыптыгы бар  700 жаранга  азык-түлүк баштыктары, белектер жана  акчалай жардамдар көрсөтүлдү.

Ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан 20 миң сом акча каражаты бөлүнүп, ДМЧ адамдардын арасында параспартакиаданы өткөрүүгө колдоо көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, 50 үй-бүлөгө 4 миң сомдук азык-түлүк топтому таратылды.

Нарын району боюнча 2 миң 39 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Анын ичинен  366сы балдар.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.