Азык-түлүк коопсуздугун алдын-алуу жана дыйкандарды сугат суусу менен жетиштүү камсыздоо үчүн “Байменде” каналынын 3 чакырым 100 метри оңдоп-түздөөдөн өткөрүлдү.
Маалыматка караганда, Нарын районуна караштуу Чет-Нура жана Ак-Кыя айылдарынын 400 гектардан ашык айдоо аянтын сугат суу менен камсыз кылган каналдын ремонтуна мамлекет тарабынан 6 миллион 600 миң сом бөлүнүп, каналдын 2 чакырым 300 метри механикалык тазалоодон өткөрүлүп, латоктор сатылып алынган. 800 метр аралыгындагы ремонт иштери Нарын райондук өнктүрүү фонду караган 4 миллион 800 миң сомго жасалган. Ал эми каналды бетондоп, оңдоп-түзөө жумуштары ашар жолу менен ишке ашкан.
Жалпы узундугу 10 чакырым 600 метрди түзгөн Байменде каналы 1959- жылы курулган. Канал көп жылдардан бери каралбай калгандыктан суу өткөрүү сыйымдуулугу азайып 100 гектар аянтка суу жетпей кайрак жерге айланып калган.