Бүгүн, 7-ноябрь-Маалымат жана басма сөз күнү. Бл күндүн урматына Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана вице-мэр Элнура Асангазы кызы кесип ээлерин майрамы менен куттуктап, УТРК Нарын телерадиокомпаниясынын кабарчысы Наргиза Жумадил кызы менен оператору Жолдошбек Курманбековго Ардак грамота тапшырды.
Анда калаа башчы УТРК Нарын телерадиокомпаниясы Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү кадамдарын чагылдырып, элге жеткирүүдөгү чоң салымын белгилеп, чыгармачыл жамаатка ийгиликтерди каалап, компаниянын айрым муктаждыгы үчүн каражат чечип берерин убадалады.
УТРК Нарындын жеткечиси Каныкей Жунусова облуста, шаарда жана райондордо жасалып жаткан эң жакшы жетишкендиктер УТРКнын “Аймактар” берүүсү аркылуу өлкө боюнча берилип жатканын айтып, мындан ары дагы ийгиликтер чагылдырыла берерин кошумчалады. Ошону менен бирге Нарын шаарында мыкты иштер жасалып жатканын белгилеп, калаанын өнүгө беришин тилек кылып, ыраазычылыгын билдирди.