DOLON MEDIA

Меккеде ысыктан каза болгондордун саны 900дөн ашты

Акыркы маалыматтарга ылайык, катуу ысыктан улам Сауд Арабиясынын Мекке шаарында каза болгон зыяратчылардын саны 922ге жетти. Бул тууралуу Франс-Пресс (AFP) агенттиги кабарлады. Адамдардын өлүмүнө абанын температурасы көлөкөдө +50 грудастан ашканы себеп болгон. Араб дипломаттарынын бири AFP агенттигине каза болгон египеттиктердин эле саны 600гө жеткенин билдирди. Ажылыктын бир бөлүгү эсептелген Арафат тоосуна чыгуу жана Каабаны айлануу сыяктуу бир катар аракеттер учурунда эркек кишилер баш кийимсиз болгондуктан, миңдеген кишинин башына күн өтүп, ооруканаларга жеткирилди. Алардын арасында Тунистин, Ирандын, Сенегалдын, Индонезиянын жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар экени кабарланууда. Сауд Арабиянын Саламаттык сактоо министрлиги зыяратчыларга күндүн түздөн-түз таасиринен алыс болуу, көбүрөөк суусундук ичүү жана түшкүсүн болушунча көбүрөөк үйдө болуу кеңештерин берүүдө. Быйыл Меккеге 1 миллион 800 миңден ашуун адам ажылык зыярат үчүн барды. Өткөн жылдагы ибадат учурунда ысыктан кеминде 240 адам каза болгон. Сауд Арабиясы быйыл ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Сауд Арабиясындагы аномалдуу ысык климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө байланыштуу. Талдоочулардын айтымында, Меккедеги абанын температурасы ар 10 жыл сайын туруктуу түрдө 0,4 градуска жогорулап жатат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.