Бүгүн, 3-март күнү Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында мамлекеттик Туунун 33 жылдыгы жана 5-март Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мекеме кызматкерлери, жаштар, мектеп окуучулар катышты. Алар ак калпак кийип, Туу көрөтүп 1.5 чакырым аралыктан аянтка жөө жүрүш менен келшти.
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев мамлекеттик Туунун 33 жылдыгы жана Ак калпак күнү менен жалпы теңиртоолуктарды куттуктап, кыргыз мырзаларынын башынан ак калпак түшпөй, уюткулуу кыргыз элинин тарыхы уланып, мамлекеттик Туубуз түбөлүк желбирей беришин тилек кылды. Иш-чарада Ак калпакты жаш куракка жараша кийүүнүн мааниси тууралуу маалымат берилип, атуулдук ырлар менен коштолду.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 2023-жылдын 22-декабрында желектин айрым элементтерине өзгөртүүлөр киргизилип, 2024-жылдын 8-январында Ала-Тоо аянына расмий түрдөгү Туу илинген.
Ал эми 5-мартта кыргыздын улуттук баш кийими ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленип келет. Бул күн Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылы кабыл алынган. Максаты -улуттук баш кийимдин маанисин сактоо, сыйлоо, улуттук салттарды колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сезимин ойготуу.