Нарын облусунда 15-ноябрдан 15-декабрына чейин “Биз биргебиз!” деген ураан алкагында бир айлык жарыяланып, жер-жерлерде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көңүл буруу максатында иш-чаралар өтүлүп жатат.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Төрөбек Арууновдон алынган маалыматка караганда, Нарын облусу боюнча 12 миң 267 жаран ден соолугу боюнча майыптыгы бар катары каттоодо турат. Алардын ичинен 6 миң 849 адам социалдык фонддо, 5 миң 418 эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарында каттоодо турат.
Өкүлчүлүктүн резервдик фондунан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 50 жаранга жана алар менен иштешкен 8 уюмга 220 миң сом материалдык жардам көрсөтүлдү.