DOLON MEDIA

Майдан баштап электр энергия 26 тыйынга жогорулайт

Ушул жылдын май айынан баштап электр жарыгына болгон баа 26 тыйынга жогорулайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Маалыматка караганда  1 кВт саат электр энергиясынын баасы калк үчүн 1 сом 37 тыйын, ал эми өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн 3 сом 49 тыйын болот.

“Тариф саясаты 2025-жылдан 2030-жылга чейин каралган. Мисалы, былтыр 11 тыйынга көтөргөнбүз. Быйыл инфляцияга байланыштуу май айынан баштап баа дагы жогорулайт. Учурда  Каржы жана Экономика министрликтери менен бирге тарифти талкуулап жатабыз. Жарандар 1 кВт саат электр энергиясына 1 сом 11 тыйындан төлөсө, май айынан тарта 1 сом 37 тыйындан төлөйт. Ал эми өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн азыр баа 3 сом 18 тыйынды түзсө, майдан тарта 3 сом 49 тыйын болот”, – деди Ибраев.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.