Журналист камакта жаткан Махабат Тажибек кызынын ишин Жогорку сот бүгүн, 3-мартта карамак, бирок соттук отурум 5-мартка жылды.
Анын себеби соттук коллегия мүчөлөрүнүн бири сыркоолоп калганы болгондугун журналисттин адвокаты Асел Аргымбаева билдирди. Буга чейин Журналисттин соту Жогорку сотто 2-февралга белгиленген, бул күнү иштин материалдары көп жана таанышып чыгуу керек деген негизде бир айга – 3-мартка жылган эле.
Эске сала кетчү жагдай Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк кыргыз бийлигине бир нече сунуш, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.
БУУнун чечимине байланыштуу адвокаты ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.
Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, алар менен мурда-кийин кызматташкан деген 11 журналист жана активистти Ички иштер министрлиги 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.
Ал иштин алкагында Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга соттогон.



