Өткөн жылдын январь айында кызамык оорусунун 27 учуру катталса, үстүбүздөгү жылдын 22-январына карата 30 учур катталды.
Нарын райондор аралык мамлекеттик санепид көзөмөлдөө борборунун врач-иммунологу Гүлай Дуулатова ооругандардын көбү 14 жашка чейинки балдар жана эмдөө албагандар экенин билдирди.
Райондор боюнча алсак, 15 учуру Нарын шаарында, 6 учуру Нарын районунда, 5 учуру Ат-Башы, Кочкордо 2, Жумгал менен Ак-Талаада бирден учур катталган.
“Булардын ичинен 26сы эмдөө албагандар, башкача айтканда 13 учуру эмдөөдөн баш тарткандар болсо, калгандарынын эмдөөгө жашы жете электер. Оору ички миграциянын негизинде өсүш берип, 14 жашка чейинки балдар арасында болууда.
Ооруну жеңүүнүн жолу эмдөө алуу. Ар бир үй-бүлөлүк медицина топторундагы эмдөө пункуттарында вакцина жетиштүү. Медицина кызматкерлери түшүндүрүү иштерин алып барышууда. 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар, мектептеги окуучулар, орто жана жогорку окуу жайдагы студенттер, мугалимдерге эмдөө компаниясы жүрүп жатат”,-деди иммунолог.
Учурда 73 миң 250 доза вкцина бар.