28-29-июнь күндөрү Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда “Кыргыз шырдагы” жана “Кыргыз даамы” фестивалдары жана “Хан Кошой” эл аралык мелдеши өтөт.
Фестивалдын алкагында шырдак, ала кийиз өндүү кол өнөрчүлөрдүн, улуттук даамдардын көргөзмөсү, Ат-Башы районундагы айыл өкмөттөр ортосунда улуттук тамак-аштардын сынагы өткөрүлүп, кыргыз күрөшү уюштурулат.
Улуттук наркты, салттуу маданиятты даңазалаган салтанат улуттук баалуулуктарды, кол өнөрчүлүктү жайылтуу, эл аралык достукту чыңдоо, туризмди өнүктүрүү, көчмөндөрдүн кулинардык мурастарын, улуттук спорттун түрлөрүн жандандыруу максатын көздөйт.