DOLON MEDIA

Кочкордун Ак-Чий айылындагы мектепке ашар жолу менен кошумча корпус курулду

Ак-Чий айылдык орто мектебинин директору Эркин Чекирбаевдин айтымында, мектептеги окуу класстар 50 орунга кеңейди.

Орто мектеп буга чейин тар болуп келген. Ичи 100 орунга ылайыкталганы менен бөлмөлөр кичине болуп, бир топ эле ынгайсыздыктар жаралчу. Мындан улам айыл эли жана мектеп жамааты ашар жолу менен эски мектепке кошумча имарат улап, окуу класстар 50 орунга кенейди. Эми бир сменге өтсө Эпкин, Узун-Булак айылдарынан да балдар келип, окуучулардын саны көбөйөт. Азыр таза суу жана жылытуу системасы негизги көйгөйлөрдөн болууда», – деди ал.

Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев мектептин мамлекеттик актысы жоктуктан аны бүткөрүп, өнүктүрүү фондунан 4 доска алып берилерин айтты. Ошондой эле таза суу жана жылытуу системасы учун райондук өнүктүрүү фондуна тезирээк долбоор даярдоо керектигин белгиледи.

Ак-Чий айылдык орто мектеби мурда 60 орундуу болгон. Мектепте 67 окуучу окуйт. Кошумча имараттын салынышына айыл өкмөттөн 100 мин сом, Ак-Чий айылынын эли 120 мин сом, мектеп жамааты 150 мин сом, депутаттардын бири 150 мин сом, мындан сырткары кошумча демөөрчүлөр болуп жалпысы 600 мин, сом бөлүнгөн. Жумушту эмгек жамааты өздөрү жасап, узуну 18 метр туурасы 9 метр болгон корпус курулуп, англис тил, китепкана, компьютердик класс, актылык зал сыяктуу 4 бөлмө жасалган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.