Ал маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол койгону кабарланды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгындагы сурагы беш саатка созулду. Бир нече басылмалар өз булактарына таянып, Ташиев маалыматты ачыкка чыгарбоо тил катына кол койгонун жазышты.
Журналисттердин Ташиевге суроо берүүгө мүмкүнчүлүгү болгон жок. Ал ИИМдин имаратынан чыккандан кийин, эки жолтандабастын коштоосунда Бишкектин түштүк тарабын көздөй жүрүп кетишкен.
Камчыбек Ташиев 19-мартта Кыргызстанга учуп келээри менен суракка барган
Маалыматка ылайык, Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берди. Анын бири – “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу. Экинчиси тууралуу маалымат берилген жок.
10-февралда президент Садыр Жапаров Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон соң Германиядан учуп келип, кайра өлкөдөн 17-февралда чыгып кеткен.



