Бүгүн, 4-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга болгон иш сапарында Нарын шаарынын чок ортосунда орун алган “Ала-Тоо” стадионунун абалын жеринде көрдү. Ал 1975-жылы пайдаланууга берилген стадиондо жасалчу жумуштар арбын экенин белгилеп, стадион келерки жылы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаш футболчулар үчүн шарттар жакшыра турганын билдирди. Ошондой эле ал стадионго катарлаш жайгашкан мурдагы “Соң-Көл” кино театры дагы ремонттолот.
“Стадиондун чуркай турган жолун, футбол талаасын жаңыртып, көрүүчүлөр отура турган орундуктарды алмаштырып, жарыктандырып, айланасын тосуу керек экен.
Буюрса келерки жылы Нарын стадионун бүтүрүп, мыкты стадион кылабыз. Биз футболду Нарында өнүктүрүшүбүз керек. Бийик тоолуу шартта машыккан балдар башка жакка барганда аларга жеңил болот, чарчабайт, күчтүү болот. Бул жерден күчтүү футболчулар чыгат, шарттарды түзүп берели. Анын жанындагы театр дагы каралбай калган экен. Экөөнү буюрса өз көзөмөлүмө алып келерки жылы бүтүрүп берем”,-деди ал.