Ар дайым маалыматты расмий булактардан текшерип көрүңүз!
Акыркы убакыттарда интернет булактары аркылуу алдамчылык кылмышы көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жарандарыбызды сак болууга чакырабыз!
Бул кылмыштуу аракет интернет тармактарын жана технологияларды колдонуп жарандарды алдап, алардын жеке маалыматтарын, акчасын же мүлкүнө ээ болунуу көздөшүп ар кандай ыкмалар менен калп маалыматтарды таратып кооптуулук жаратышууда.
Ушундан улам интернет алдамчыларынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен сак болууну эске салабыз!
Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болгонуңузду түшүнсөңүз, окуя жөнүндө дароо банкка кабарлаңыз, картаны бөгөттөө үчүн, укук коргоо органдарына кайрылыңыз!