DOLON MEDIA

III-Элдик курултайга 43 делегат барат

Бүгүн, 10-декабрда III-Элдик Курултайга бара туран делегаттардын жолугушуусу  Нарын шаарында өттү.

Ага жергиликтүү бийлик башчылары жана облустун райондорунан шайланып келген 43 делегат катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө аймакты өнүктүрүүнүн негизги маселелери талкууланып, социалдык -экономикалык абалды жакшыртууга багытталган сунуштар айтылды. Делегаттар тажрыйба жана идеялар менен алмашып, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу, маселелерди чечүү үчүн биргеликте иштөөнүн маанилүүлүгүнө басым жасашты.

Андан соң, делегаттар облуста аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алып, “Куланак”  ГЭСинин,  РТС чөлкөмүндо курулуп жаткан  көп кабаттуу ипотекалык турак жайдын, “Нарын” аэропортунун, “Теңир-Тоо сити”  турак жай комплесинин курулушун жеринде көрүштү.

Кезектеги III-Элдик Курултай Бишкек шаарында үстүбуздөгү жылдын 20-декабрында өтөт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.